Жазуучу: Наристе Алиева

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз ССРинин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты – кыргыздын көрүнүктүү кинооператор-коюучусу Алиев Мурат Абдувалиевичтин чыгармачылыгы кыргыз кинематографынын тарыхына жана бүткүл Борбордук Азиянын кино тарыхына өчпөс тереӊ из калтырды.

Мурат Алиев 45 ашык көркөм жана даректүү тасмаларды тарткан. Анын «Курманжан Датка» (2014), «Жат» (2015), «Шал» (2012), «Арбактын көзү менен» (2009), «Келин» (2008), «Мустафа Шокай» (2007), «Булут» (2003), «Улуу жибек жолу» (1991), «Фудзиямадагы кадыр түн» (1989), «Көзгө атарлар» (1985), «Биринчи» (1984), «Жазгы күн желеси радуга» (1979), «Эл ичинде» (1978) сыяктуу жана башка эмгектери Советтер Союзу гүлдөп өнүккөн жана кулаган учурдан тартып кийинки постсоветтик мезгилди жана көз карандысыз Кыргызстандын түптөлүшүнө чейинки доорлор тездик менен алмашкан аралыктагы Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын кинематографынын эволюциясын чагылдырат.

Бул макалада Мурат Алиевдин чыгармачылыгына тереӊ талдоо жүргүзүлгөн, анда М.Алиевдин мурастарынын Кыргызстандын жана бүткүл Борбордук Азиянын кинематографынын өнүгүшүнө тийгизген таасирине көӊүл бурулат. Анын үстүнө, Мурат Алиевдин кинематография искусствосунун маанилүүлүгү тарыхый жана азыркы заманбап контексте каралат.

Мурат Алиевдин ысмы советтик кинонун, Кыргызстандын, Казакстандын жана Азербайжандын кинематографиясынын жылнаамасына биротоло жазылып калды. Эгерде биз анын фильмографиясына жакшы көӊүл бурсак, биздин алдыбызга кинематографиялык чеберчиликтин кеӊири палитрасы ачылат. Мурат Алиевдин объективи «Улуу жибек жолунун» керемет пейзаждарынан тартып, «Фудзиямадагы кадыр түндөгү» брессондук экспрессияга чейин визуалдык баяндоону гана эмес, ар бир доордун маданий жана социалдык өзгөрүүлөрүн: «Жазгы күн желеси» фильминдеги хрущевдик «жылымдоонун» жеӊил илеби, «Фудзиямадагы кадыр түн» эмгегинде темир парда ачылган доордогу жан дүйнөнүн жана баалуулуктардын өзгөрүшү жана «Курманжан Датка» тасмасындагы улуттук бирдейликтин образын издөөнү ачык-айкын чагылдырган күзгү болуп калат.

Мурат Алиевге ыйгарылган сыйлыктар анын Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын кинематографынын ишин илгерилетүүгө жана өнүктүрүүгө кошкон көрүнүктүү салымынын далили болуп саналат. Айтсак «Курманжан Датка» тасмасы Тибурондогу кинофестивалда (IFF, Калифорния, АКШ) мыкты фильм наамына татыган жана Мурат Алиевге мыкты кинооператордук эмгеги үчүн сыйлык алып келген. Режиссер Рустам Ибрагимбековдун «Арбактын көзү менен» кино тасмасы КМШ мамлекеттериндеги мыкты фильм катары «Ника» сыйлыгына татыктуу болгон, ал эми режиссер Ермек Турсуновдун «Келин» тасмасы Нью-Йорктогу Евразиялык кинофестивалда мыкты кионоператордук эмгек үчүн сыйлык алган. Ал эми «Шал» фильми Мурат Алиевге Азия-Тынч Океан аймагынын кинематография жаатындагы жетишкендиги үчүн сыйлык жана Asia Pacific Screen Awards салтанаттуу иш-чарасында мыкты кинооператордук эмгеги үчүн байге алып келген.

Албетте ушул сыйлыктар кыргыз жана борбордук-азиялык кино өнөрүн жаӊы бийиктикке – дүйнөлук аренага алып чыккан Мурат Алиевдин кинематография искусствосунун масштабын билдирип турары шексиз.

Мурат Алиевдин кинематография искусствосу

Кинофильм жаратуу – бул жамааттык чыгармачылык иш, анда команданын ар бир катышуучусу өзүнүн кайталангыс милдетин аткарат. Кинорежиссер, кинооператор, үн режиссер, актерлор – ар бири кино түзүүгө өзүнүн кайталангыс салымын кошот. Бирок тасма түзүү менен иштеген бардык кесиптердин ичинен бирөөсү өзгөчө бөлүнүп турат – бул кинооператордун кесиби, анын жардамы менен кино бөтөнчө жагымдуулукка ээ болот. Тилекке каршы, эгерде кинооператордук чеберчилик болбосо кинематограф дүйнөсү болгону театралдык оюн болуп калмак.

Биз дүйнөнү кинооператордун көзү менен көрөбүз жана ошону менен бирге камера кадрдагы шарттуу оюнду биздин көрүү мүмкүнчүлүгүбүздүн чегинен тышкары турган көрүнүш катары тартып алган сыйкырдуу жабдууга айланат. Андыктан кинооператор визуалдык кинематографиялык көркөм өнөрдүн сүрөтчүсү катары ушул сыйкырдуу жабдууну башкарат жана көрүүчүгө кинематографиянын керемет дүйнөсүн ачып берет.

Өткөн кылымдын башында улуу кинооператор Сергей Урусевский: «Кинематограф – искусствонун жаӊы түрү, ал эми оператор анда – ошол көркөм өнөрдү жараткан сүрөтчүнүн жаӊы түрү экенин көпчүлүк дагы деле эч түшүнө албай жатат. Эмнегедир сүрөтчү эскиче – бул колго сүрөт тарткан сүрөтчү, ал эми оператор – кандайдыр бир техникалык жумуш сыяктуу эсептелет, болбосо оператор ошол кинематографтын башкы сүрөтчүсү болуп саналат», — деп айтып кеткен.

Мурат Алиев доорлор жана убакыт аркылуу кинематографтын нукура сүрөтчүсү катары кыймыл, көлөкө, жарык жана ракурс сыяктуу көркөм сүрөт техника ыкмаларын пайдалануу менен кадрдагы өзүнүн көркөм нейропластика чөйрөсүн түзүүдө өз кыл калемин — сыйкырдуу жабдуу болгон камерасын билгичтик менен башкарды.

М.Алиевдин эмгектери көркөм сүрөт чечимдеринин тактыгы жана жакшы ойлонулгандыгы менен мүнөздөлөт. Алиевдин техникалык чеберчилигинин артында фильмдин тарыхын визуалдык баяндоо аркылуу бере билүүнүн сейрек кездешкен жөндөмү катылган. Анткени кинофильм композиция, жарык живописи, мизансцена, драматургия сыяктуу жана башка көркөм-пластикалык образдын өздүк эрежелерине баш ийген искусствонун бир бүтүн чыгармасын билдирет. Ал эми Мурат Алиев фильмдин композициялык түзүлүшүнүн жана жарык живописинин чебери болуп саналат. Алиев мыкты кинооператор катары кинокадрлардын түзүмүн курууда бир катар живопистик-графикалык каражаттарды пайдаланган.

Мурат Алиевдин эмгектеринен композиция түзүүнүн графикалык прициптерин, ошондой эле жарык жана көлөкөнү көркөм идеяны чагылдыруунун эӊ маанилүү психологиялык, эмоциялык-драматургиялык элементи катары колдонгон живопистик ыкмаларды бөлүп кароого болот.

Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтунун (ВГИК) бүтүрүүчүсү Мурат Алиев алгачкы толук метрдеги эмгектеринде баарынан мурун өзүн мыкты сүрөтчү катары көрсөтө алган. Ак-кара түстүү «Жазгы күн желеси» фильминде (1979, режиссер К. Акматалиев) Мурат Алиев ак-кара түстүү графиканын түзүмү жана импрессионисттик живопистин жеӊил баёлугу толук түрдө чагылдырылган жарык көлөкө ыкмасын көрсөтө билүүдөгү сейрек чеберчиликти көрсөтөт. Алиев жарык жана көлөкө ыкмасын айкалыштырып колдонуу менен бирге көркөм сүрөт жаратууда сызыктуу сөлөкөт, композициянын графикалык элементин пайдаланат.

 

Башталыш: сүрөтчүнүн жолу жана чеберчиликти өнүктүрүү

Мурат Алиев 1948-жылы 10-декабрда Нарын шаарында туулган. Мурат Алиевдин кинематографиядагы жолу 1966-жылы «Кыргызфильм» киностудиясында кинооператордун ассистенти болуп иштөө менен башталган. М. Алиев 1979-жылы ВГИКтин кинооператордук факультетин ийгиликтүү аяктайт. 1979-жылдын аягынан тартып «Кыргызфильм» киностудиясында «Биринчи», «Жазгы күн желеси», «Көзгө атарлар», «Фудзиямадагы кадыр түн» жана «Улуу жибек жолу» сыяктуу кино тасмаларга кинооператор-коюучу катары иштейт.

Мурат Алиевдин чыгармачыл кинематографиялык ишмердүүлүгү башталган 70-80-жылдардагы мезгил «жылымдоо» жана Фрунзе шаары трансформация болгон доорго туш келген. Бул Советтик шаарларды активдүү куруу мезгили болгон. 1970-жылдардын архитектурасынын өзгөчөлүктөрү, анын кеӊири табигый ландшафттарга жана адамдын өзүн таанытууга карата эркиндикке жаӊыча умтулууга көӊүл буруусу Мурат Алиевдин объективинде чагылдырылган. Ошол кезде М. Алиев советтик «жылымдоо» доорунун эӊ кызыктуу фильмдеринин бири – «Жазгы күн желеси» тасмасын тарткан жана анда Фрунзе шаарынын «поэтикалык жана жаш» образы биринчи жолу көрүүчүлөргө көрсөтүлгөн.

Мурат Алиевдин «Жазгы күн желеси» фильминдеги кинопоэтикасы

Советтик кыргыз кинематографынын тарыхында режиссер Каредин Акматалиев тарткан «Жазгы күн желеси» тасмасы (1979) Мурат Алиевдин кинематографиялык жогорку чеберчилиги болуп саналат, анда ал визуалдык кинематографиялык тилдин жардамы менен 70-жылдардын аягындагы соӊку «жылымдоонун» маанисин сыпайы түрдө чагылдыра алган.

Тасманын аталышы өткөн кылымдын 60-70-жылдары Советтер Союзун жана Советтик Кыргызстанды (Советская Киргизия) каптаган социалдык жана маданий «жылымдоого» метафора катары кызмат кылган.

Советтер Союзундагы «жылымдоо» доору алда канча ачык, оптимисттик көз караштагы, ошол эле учурда мекенчил жаштар маданияты менен сугарылган маданий жана саясий туруктуулуктун мезгили болгон. Ошол 70-жылдары эркиндиктин деми 80-жылдардын аягы жана 90-жылдардын башындагы сенектик мезгилдин катаал түйшүгүнө тушуга элек болчу. Ошол себептүү «Жазгы күн желеси» жаштыктык, милдеттин, адамгерчиликтин, чындыктын, ар-намыстын жана советтик реализмдин темаларын сыпайы түрдө изилдейт жана жакшы өзгөрүүлөрдын илебине кабылган фрунзелик интеллигент тургундардын жагымдуу элесин түзөт.

Импрессионизмдин жаркыраган жеӊил сүртүмдөрү менен Мурат Алиев «Жазгы күн желеси» тасмасынын кендирин үмүттүн, ностальгиянын жана идеалдарга түбөлүк умтулуунун назик кошумча түстөрү менен боёгон. Ушул нукура кинематографиялык мыкты эмгекти көрүп отуруп, биз кааласак, же каалабасак дагы жөн гана көрүүчү эмес, мурдагы Фрунзе шаарынын, азыркы Бишкектин аллеялары боюнча саякатта жүргөн катышуучу болуп калабыз. Ошентип бул фильмде Алиевдин объективи шаардын тышкы көрүнүшүнүн өзгөрүшүн документтештирген гана фильм эмес, каада-салттын таасирине жана гүлдөгөн келечек сунушталган убадаларга туш болгон жаӊы муундун деми менен белгиленген эмоциялык жана идологиялык өнүгүүнү чагылдырат.

Урбанизм. Графика. Импрессионизм

«Жазгы күн желеси» тасмасы чыныгы шаардык, урбанисттик фильм, аны 50 жыл өткөндөн кийин дагы чоӊ кызыгуу менен көрүүгө болот, анткени кыргыз кинематографынын хроникасында борбор шаарга жана анын жашоочуларына арналган фильмдер анча көп эмес.

«Жазгы күн желеси» фильминде көрүүчүлөр Фрунзе шаарынын борбордук архитектуралык курулушу – филармония менен бирге заманбап Советтик Кыргызстандын түптөлүшүнө күбө болот. Мурат Алиевдин камерасы курулушту гана документтештирбейт; ал ак жарык нурлар менен тартылган сыяктуу жупуну графикалык кадрлар аркылуу 1970-жылдардагы жапырт курулушту жана «жылымдоо» доорунун архитектуралык өзгөрүүсүн чагылдыруу менен прогресстин демин жана жаштардын ишенчээк оптимизмин түбөлүккө калтырат.

Бул тасмада М. Алиевдин кадыресе, көнүмүш көрүнүштү жандандырган жана аны керемет поэтиканын пластикасына өзгөрткөн чеберчилиги ачылат. Ошентип адатта күндөлүк көрүнүш катары кабыл алынган шаар өз алдынча жандуу персонажга айланат. Ар бир кадр – бул шаардык лирикалык пейзажга арналган ыр жана ушул сезимтал баяндоо жарыктын жана көлөкөнүн, архитектуранын, жаратылыштын жана адамдын өз ара байланышынын жагымдуу жана шайкеш алакасы аркылуу жүзөгө ашырылат.

Мурат Алиевдин поэтикалык кинематографы

«Маданий эркиндик» доору Мурат Алиевдин поэтикалык кино жылнаамасы менен боёлгон, ал сүрөтчү-документалисттик өзгөчө кызыгуу менен реалдуу көрүнүштү тарткан: сүйүктүү шаардын кыйма-чийме кыймылга толгон көчөлөрү, интеллигент жаштары, парктардагы ачык асман алдындагы отуруштар, коомдук мейкиндиктин ачыктыгы жана шаардык пейзаждардын кооздугу тасмага түшүрүлгөн. Визуалдык баяндоонун живопистик ыкмаларын таланттуу колдонуунун эсебинен бардык кадрлар эмнегедир жаӊы жана замапбап көрүнөт: так тартылган графикалык кадрлар жана импрессиондук карартылган көрүнүштөр так сыяктуу күӊүрт сезилет.

Мурат Алиев «Жазгы күн желесинде» кадрдын графикалык живописине, жарык менен көлөкөгө жана реалдуу материалды бере билүүгө негизделген өздүк көркөм сүрөт стилин тапкан. Ошону менен бирге фильмде көрүүчүлөргө өздөрүн байкоочу катары сезүүгө мүмкүндүк берген авангарддык ыкмалар дагы пайдаланылат. Мисалы Алиев кадрдагы окуялардын бардыгы 50 жыл мурда эмес, азыр жана ушул жерде болуп жаткан сыяктуу кылып камераны тынымсыз, бирок байкаларлык негизде которуп турат. Көрүүчү фильмди жөн эле көрбөйт, ал тасманын башкы каарманы – Политехникалык институттун студенти Ормон менен бирге күн сайын чогуу жашайт – ал эми камераны унчукпаган жана акылдуу персонаж катары көрсөтүп коет.

Мурат Алиев катышуу таасири аркылуу өзүн сүрөтчү катары көрсөтөт жана адамды живопистик, портреттик чагылдырууну өнүктүрөт. Алиев өз каарманын жакшы көӊүл коюп изилдейт жана Ормондун ички, жекече мүнөзүн экран бетине алып чыгат. Ормон студент – жөн гана персонаж эмес, ал соӊку «жылымдоо» мезгилиндеги татаал эмоциялык шартта Алиев анын жардамы менен багыт алган идиш. Ормондун фильмдеги саякаты менен айкалышкан камера жарык жана көлөкөнүн жардамы менен анын жүзүнөн тереӊ поэтикалуу жана абдан ишенчээк мүнөзүнүн бардык жактарын көрсөтөт.

Алиев жарык менен көлөкөнүн ак-кара графикасы аркылуу Ормондун абдан назик лирикалык образын тартат – ал жаш жана поэтикалуу, бир караганда бош көрүнгөн, бирок көз карашы туруктуу инсан.

Белгилей кетсек, фильмдин бардык каармандары эӊ аз сандагы буюмдар менен курчалган, бул алардын айланасындагы дүйнөнүн жупунулугун баса белгилейт. Фильмдин авторлору ушундай ыкма менен тышкы мазмундан ички дүйнөгө басып жасай алышкан. «Жазгы күн желеси» Кыргызстандын абдан назик психологиялык кинематографынын биринчи мисалы деп ишенимдүүлүк менен айтууга болот. Андыктан мында кинооператор ошол кездеги каармандардын жооптуу чечимдерди кабыл алуу жолундагы психологиялык өнүгүүсү — ишенчээктиктен жана шектенүүдөн ишенимдүүлүккө жана туруктуу көз карашка чейин өзгөргөн жан дүйнө түйшөлүүсүн ачууга жардам берген ушундай көркөм-пластикалык каражаттарды тапканын белгилей кетүү маанилүү.

Ошентип Мурат Алиевдин көрүнүктүү чеберчилиги эӊ биринчи фильмдерден эле көрүнөт. Маэстро Мурат Алиевдин колундагы объектив — жөн гана кадр тарткан механикалык жабдуу эмес, жарык менен көлөкөнүн жардамы аркылуу окуяны визуалдык нейропластикалык негизде айтып берген аӊгемечи, ошондой эле ар бир кадрдын композициялык графикасын кылдат иштеп чыккан сюжеттин толук каарманы. Ошентип камера жаштардын байкалбаган эмоцияларынын, идеалдарынын жана иш-аракеттеринин маанисин киноэкранга чыгаруу менен фильмдин каармандарынын жан дүйнөсүнүн уландысы болуп калат.

«Улуу жибек жолу»: Мурат Алиевдин маданият жана мезгил аркылуу документалдык-визуалдык зыяратчылыгы

 Кыргыз кинематограф чөйрөсүндө «Улуу жибек жолу» даректүү тасмасы кинорежиссер Каредин Акматалиевдин чеберчилиги жана Мурат Алиевдин кинооператордук тереӊ эмгеги менен тартылган көркөм документалистиканын новатордук мыкты чыгармасы болуп саналат.

«Улуу жибек жолу» фильми ушундай тартылган жападан жалгыз эмгек, анткени кыргыз кинематографынын тарыхында биринчи жолу башаттарга -Месопотамия, Байыркы Рим, Борбордук Азия жана Токиого байыркы цивилизациялардын эстеликтерине кино тасма аркылуу нукура тарыхый-маданий, рухий зыяратчылык жүзөгө ашырылат. Кино тасманын 13 бөлүгү бүтүндөй документалдык фильмди түзөт жана келечек үчүн дагы зор мурас болуп калмакчы – аны пайдалануу менен биздин заманга чейинки II кылымдан тартып пайда болгон Улуу жибек жолунун ыйык жерлери боюнча кызыктуу саякат жөнүндө энциклопедиялык ишенимдүүлүк менен айтып берүүгө болот.

Фильм аны түзүүчүлөрдүн энциклопедиялык тактыгы, академиялык аныктыгы жана көркөм чыгармачылыгынын далили болуп саналат. Искусство изилдөөчү жана кино таануучу Екатерина Лузанова жазгандай: «Кинооператор Мурат Алиев Евразиянын керемет пейзаждарын, музейлердин эӊ баалуу экспонаттарын, миӊ жылдык борборлордун заманбап жашоосун тарткан. Маршрутту толук иштеп чыгуу, режиссердук мыкты сценарий, компетенттүү маектештердин катышуусу менен тасмага жогорку ишенимдүүлүк камсыздалган».

«Улуу жибек жолу» 1991-жылы СССР Мамкиносунун, ошондой эле япониялык «Асахи симбун» кинокомпаниясынын колдоосунда «Кыргызфильм» киностудиясында тартылган.

«Фудзиямадагы кадыр түн»: Мурат Алиевдин экспрессия чеберчилиги

Кыргыз киносунун ааламында убакыт чегинен чыгып, көрүүчүлөрдүн жаӊы муунунан экинчи жактыруусун күтүп жаткан фильмдер бар. Ошондой купуя кенчтердин бири «Фудзиямадагы кадыр түн» болуп саналат – бүгүнкү күнгө чейин көрүүчүлөрдүн кеӊири катмарына дагы деле анча белгилүү болбогон курч жана драмалык чыгарма.

«Фудзиямадагы кадыр түн» — бул сюжеттин укмуштай күчтүүлүгүнүн далили: ушул фильмде козголгон темалар арадан канча убакыт өткөнүнө карабай азыр дагы өткөндөгүдөй актуалдуу жана маанилүү бойдон кала берет. 1973-жылы кинорежиссер Болотбек Шамшиев кыргыздын улуу жазуучу Чыӊгыз Айтматов жана казак жазуучусу Калтай Мухамеджанов менен өнөктөштүктө түзгөн фильм тоталитардык доордогу адамдык алака-катыштын универсалдуу темаларын изилдейт. Достук жана чыккынчылык, жакшылык жана жамандык, эркиндик жана тоталитаризм, мезгил, адамдар жана тагдырлар – бардык ушул өӊүттөр укмуштай чеберчилик менен бир чоӊ жана абдан күчтүү кинематографиялык тасмага бириктирилген.

Фильмде бир жолу совет убагында мурдагы төрт дос Мамбет, Досберген, Иосиф жана Исабек, аялдары жана карыя мугалими Айша апа менен бирге Туу чокуда май майрамдарын белгилөөгө чогулушканы баяндалат. Достор так ушул тоону тамашалап «Фудзияма» деп атап коюшат, анткени ал эӊ бийик тоо, демек «Кудайга жакыныраак турат». Бул жолу достор бийик тоонун чокусунда ичтеги ыймандай сырларын жашырбай, өздөрү жөнүндө бардыгын ачык айтып беришмекчи болушат. Жыйынтыгында достук отуруш алардын ар биринин чыныгы жүзүп ачып, кылган күнөөлөрү үчүн тобо келтирүүгө айланат.

Баяндоонун жүрүшүндө ошол достордун бир кезде чогуу окуган, фронтко чогуу барган, бирге согушкан, бүгүн бул жерге келбеген Сабыр аттуу бешинчи досу болгону айкын болот. Сабыр өзү Фудзиямага келген жок, бирок көрүнбөсө дагы алардын арасында жүрөт. Качандыр бир кезде Сабыр фронтто жүргөндө ошол кездеги расмий идеологиянын эрежелерине туура келбеген ыр жазган жана ал үчүн досторунун бири каралоо жазып, чыккынчылыкка барат. Ошентип таланттуу акынды түрмөгө айдашат. Кийин Сабыр реабилитация болот, бирок көп өтпөй ичкичке айланат, андан кийин дайынсыз кетет. Досуна чыккынчылык кылуу жана анын талкаланган тагдырын эске салуу, ириӊдеген жара сыяктуу майрамдык дасторкондун үстүндө ачыкталат. Ошентип мектептеги достордун жолугушуусу мастардын отурушуна жана ызы-чууга айланат. Көп жыл илгери жасалган жамандык иш жаӊы кылмышка жана адам курмандыгына алып келет…

«Фудзиямадагы кадыр түн» фильминде Мурат Алиевдин кинооператор-коюучу катары кошкон салымы өзгөчө көӊүл бурууга жана таанууга арзыйт. Мында Алиев баяндоонун эмоциялык-драмалык маанисине каныккан көрүнүштү кызыктуу кылып тарткан ар бир кадры кыл калемдин сүртүмү болгондой түз айтып берүү чегинен чыгат. Фильмдин тереӊ жарык жана көлөкө тоналдуулугу ийгиликтүү тандалган. Тасманын бүткүл жүрүшүндө композициялык чечимдердин жана кызыл түс менен баса белгиленген ички кадрдык ыргактуу динамиканын ачык-айкындыгы, каармандардын эмоциялык чыӊалган абалынын интенсивдүүлүгүн жана курчушун эӊ мыкты түшүндүрө алат.

Мурат Алиев көрүүчүнү экрандагы окуяларга активдүү катышуучу болууга мажбурлап, ага чеберчилик менен батырат. Биз билгендей, бул жогорку эрежеге Алиевдин көптөгөн тасмалары, айтсак «Жазгы күн желеси», «Көзгө атарлар» жана «Келин» фильмдери баш ийдирилген. Бул жолу Мурат Алиев «Фудзиямадагы кадыр түндү» токтоо, минималисттик-экспресивдик түрдө тартат, кыймылдуу камеранын жана башкы каармандардын ашкере таасирдүүлүгүнүн шайкештиги менен бул тасманы Кыргыз кинматографын жаӊы модернисттик эстетика деӊгээлине алып чыгат.

Ошентип Алиев мисалы тереӊ мизансценаны жалпы пландан ири планга акырындык менен өткөрүү ыкмасын колдонот. Каармандардын шаттанган учуру эӊ жогорку чекке жеткен кезде Алиев адамдын ички дүйнөсүнүн укмуштай өзгөргөндүгүн так көрсөтүү менен камераны эӊ ири планга которот.

 «Фудзиямадагы кадыр түн» фильминин эӊ негизги сезими – бул тасманын кылдат психологиялык өнүттөрүн чагылдыруудан келип чыккан жалпы өзгөчөлүгү аныкталган монументалдуулугу. Бул өз кезегинде кинооператордон ар бир кадрдын эӊ максималдуу бүтүндөй ачык-айкындыгын талап кылган.

«Кинодогу аялдын элеси: Жашоого жана жеӊишке карата эрктүүлүк»

Мурат Алиевдин көрүнүктүү чеберчилиги кинематографтын көркөм-техникалык каражаттарын чеберчилик менен башкарууда гана эмес, аялды кинодо салттуу   чагылдыруунун чегинен сырткары көрсөтүү жөндөмү менен дагы байкалат.

«Курманжан Датка», «Көзгө атарлар» жана «Келин» сыяктуу фильмдерде Мурат Алиевдин кинематографиясы ар бир каарман аялды патриархалдык коомдогу аялдар лидерлигинин күчтүү символуна айланткан, Алиевдин тасмалары аялдардын моюн сунган, аялуу элесин өзгөрткөн өзгөчө «магнетизмге» жана визуалдык алхимияга ээ.

Мурат Алиевдин «Курманжан Датка» фильминдеги кинооператордук эмгеги – кинематографиялык революция сыяктуу көрүнүш болуп калды. Ал Курманжан Датканын эрктүүлүгүн жана жашоодогу кайраттуулугун баса белгилөө менен улуу аялга жана анын улуу тарыхына урмат көрсөтөт, бирок Кыргызстандын заманбап кинематографиялык баяндоо тарыхында күчтүү аялдардын образдарын түзүүдө пионер боло алды.

Курманжан Датканын лидерлигин айкын көрсөткөн кадрлар мыкты актердук аткаруу жана режиссердук чеберчилик аркылуу гана эмес, кинооператордун абдан так жана кылдат текшерилген иши менен дагы жетишилет.

Ушуга байланыштуу, М. Алиевдин салтуу образдар тизмегин бузуу жана атүгүл патриархалдык шарттарда дагы аялдардын тарыхы тууралуу, алар жөнүндө курмандык көз карашынан эмес, эрктүүлүк жана намыскөйлүк маанисинен айтып берүүгө татыктуу экенин далилдөө менен кинематографтагы аялдар бейнесине карата көз карашты кеӊейте турган ылайыктуу мүмкүнчүлүктү сунуштоо жөндөмүн өзгөчө белгилей кетүү зарыл. Бул үчүн Алиев портреттин эпикалык-баатырдык драматургиясын түзүү аркылуу аялдар портретин жарык берүү менен төмөнкү ракурстан тартат.

Курманжан Датка: аялдар лидерлигинин күчү

«Курманжан Датка» фильминдеги эмгеги, аялдардын элесин чагылдыруудагы Алиевдин чеберчилигинин көрүнүктүү мисалдарынын бири. Ушул тарыхый эпопеяда Мурат Алиевдин объективи Борбордук Азиянын көрүнүктүү лидеринин кажыбас кайратын айтып берүүчү каражат болуп калды. Фильм кадыресе тарыхый реконструкция болгон эмес, бул Курманжан Датканын ички дүйнөсүн – анын күрөшүн, анын өз эли үчүн алып келген жеӊиштерин жана курмандыктарын динамикалуу изилдөө болуп саналат.

Режиссер Садык Шер-Нияз тарткан бул фильм 19-кылымда болуп өткөн курч тарыхый окуяларды гана чагылдырып тим болбостон, лидер-аял жана башкаруучу Курманжан Датканын баатырдык элесин түзүү үчүн биринчи негиз болуп калды.

Элина Абай кызы аткарган Курманжан Датка – бул экрандагы жөн эле каарман гана эмес, ал табияттын дагы күчү. Фильмдеги негизги көрүнүштөрдүн бири, Курманжандын патриархалдык ченемдерге каршы күрөшүнүн маанисин чагылдырат.

Күчтүү мизансцена: биримдикке жана эрдикке шыктандырган үлгү

 «Курманджан Даткадагы» башкы мизанцена – Курманжан күйөөсү Алымбектен кыргыз элин бириктирүү жөнүндө символикалуу керээзин алган учурда өнүгөт. Анда Курманжанга өзүнүн уруусунун ичиндеги карама-каршылык алдында өзүнүн алгачкы лидерлик сапатын көрсөтүү милдети турган, анткени өз элиндеги айрым адамдар Кокон аскерлерине багынып берүүнү ойлонуп жатышкан болот.

Ушул сценада Мурат Алиевдин кинематографиялык көркөм өнөрү Курманжан Датканын сырткы сулуулугун гана эмес, биринчи кезекте анын ички дараметин, көз карандысыздыгын жана лидерлигин көрсөтө алган. Кадрда Алай Ханышасы стратегиялык кол башчы жана жоокер катары турат, ал кийген кочкул боз чапан анын аялдын салттуу ролунан четтегенин жана өсүп бара жаткан күчүн баса көрсөткөн белги болуп калган.

Курманжандын сырткы көрүнүшү жашоого туруктуулугун жана өзгөрүүсүнүн белгиси болуп калган. Көгүш-боз баш кийими анын темирдей бекем эркин чагылдырат. Карагер атка минген кайраттуу Курманжан Датка гендердин ченемдерге жана ошол кездеги калыптанган түшүнүктөргө чакырык таштайт. Фильмдин авторлорунун тийиштүү символикаларды тандашы Курманжанды патриархатты сыйлаган жана эркектер менен теӊ укукта сүйлөшкөн жана жоокерлерди күрөштө биримдикке шыктандырган жоокер аял катары көрсөтүү менен бизди экран алкагынан тышкары алып чыгат,

Эркектер менен баарлашуу: Теӊ салмактоочу акт

Ушул сценада Курманжан Датканын эркектерге мамилеси бир учурда күчтүү жана абдан кылдат көрүнөт. Лидер аял алардын коркоктугуна өзүнүн таӊ калганын билдирүү менен аларды айыптоодон карманат жана кеменгерликти жогору коет. Анын сөздөрү феминизм эрежелерине үндөшөт, анткени жекече таарынычтан жамааттык кызыкчылыкты жогору коет. Мурат Алиевдин камерасы көк асмандын жана ак булуттардын фонунда Курманжан Датканын салтанаттуу жеӊишин чагылдырган учурда уруунун бирден бир башкаруучусу жана анык лидери катары анын баатырдык бейнесин баса көрсөткөн белгилердин мааниси дагы күчөтүлөт.

Көзгө атарлар: Согуштагы аялдардын күчү

Аскердик кинематографта режиссер Болотбек Шамшиевдин «Көзгө атарлар» фильми (1985) өзгөчө орунду ээлейт. Бул фильм советтик аялдардын Улуу ата мекендик согуш убагында алдыӊкы сапта жасаган баатырдык эрдиктери жөнүндө баяндайт. Тасма кыздардын эрдиги темасын курч изилдөө болуп саналат, анткени «Көзгө атарлар» фильминин өзөгүндө Казакстандан барган 18 жашар мерген Алия Молдагулованын тарыхы турат, анын баатырдык окуясы 1943-жылдын августунан 1944-жылдын январына чейинки аралыкта болуп өткөн. Ошол кыска, бирок таасирдүү эрдик көрсөтүү мезгилинде Алия Молдагулова душмандун 78 аскерин жок кылган, андыктан курман болгондон кийин ага Советтер Союзунун баатыры наамы ыйгарылган.

Мурат Алиевдин аскердик кинематографиясы: реализм жана берилүү искусствосу

«Көзгө атарлар» фильминде Мурат Алиевдин кинематографиялык көркөм өнөрү ошол мезгилдин чектөөлөр алкагынан сырткары чыккан. Биринчи эле сценада көзгө атар мерген кыздардын атылышы менен М. Алиевдин объективи көрүүчүлөргө катаал шарттар менен согуштун ырайымсыздыгын ачып берет.

Негизи «Көзгө атарлар» — бул кинематографиялык жана баатырлык реализмге берилүү боюнча мастер-класс. Фильм окоптордон фронт чегине жана чабуул койгон салгылашууларга чейинки даярдыкты, кайраттуулукту жана тасманын башкы каармандарынын өлүмгө каршы турушун көрсөтөт. «Көзгө атарлар» көрүүчүнү снайперлердин кадыресе жашоосуна алып барат жана Улуу ата мекендик согуштун кайнаган борборундагы ушул эӊ катаал аскердик кызматтын кыйын жактарын ачып берет. Ар бир майда бөлүкчө, ланшафтты жашыруу, каршылаштын кыймылына байкоо салуу, Степан ага устат болгон тажрыйбалуу мергендер окуусуна чейинки окуялар «Көзгө атарларды» кадимки согуш кинонун алкагынан чыгарат жана аны согуш талаасындагы жүрүм-турумдун психологиялык жана стратегиялык өӊүттөрүн кызыктуу изилдөөгө айлантат.

Алиев тарткан көзгө атар аялдардын искусствосу тактикалык маневрлар чегинен сырткары чыгат, ал кыздардын туруктуулугунун жана күчтүүлүгүнүн символуна айланат. Ошентип Алиевдин объективи согуштун физикалык тарабын жана катаалдыгын гана чагылдырбастан, мекенди коргоо үчүн коомдук ченемлерге каршы чакырык таштаган аялдардын кайраттуулугун жана эрдигин ачып берет.

Мурат Алиев өзүнүн таӊ каларлык кинематографиялык чеберчилиги, төмөн бурч менен тартылган кадрлары, улам өзгөргөн кадыресе композициялары аркылуу баяндоону «мында жана азыр» деген кызыктуу реалдуулукка айлантат. Андыктан кадрда Алиевдин камерасына жан киргендей сезилет. Ал фильмдин каармандары менен бирге дем алып жана жашаган сыяктуу изденет, байкоо салат, шашылат. Камераны колго алып тартуу — Алиев «Көзгө атарларда» колдонгон байкаларлык ыкмалардын бири. Бул ыкма фильмге абдан натыйжалуу жана документалдык таасир берет, көрүүчүнүн өзүн окуялардын так борборунда жүргөндөй сезүүгө мажбурлайт. Камераны колго алып тартуу фильмдин бүткүл жүрүшүндө колдонулат, бирок ал айрыкча тасманын киришүү жана жыйынтыктоо сценаларында өзгөчө таасирдүү болуп калды.

Келин: энеликке жана матриархатка кинематографиялык трибьют

«Келин» фильми чокуларын ак кар баскан чексиз тоолуу пейзаждарына сиӊип кеткен түрктөргө чейинки тарыхый сырдуу доордо чагылдырылган керемет элестердин улуулугу менен таӊ калтырат. Фильмде сөздүн жоктугу башкы артыкчылыкка айланат, ал аркылуу Мурат Алиевдин визуалдык поэзиясынын күчү укмуштай тереӊ ачылып берилет. Бул тасмада кинооператордун эмгеги эӊ жогорку чеберчиликке чейин жеткилеӊ иштелген, ал адамды сыйкырлайт жана өзүнө тартат, мындайга нукура көркөм өнөр чыгармасы гана жөндөмдүү келет.

«Келин» насыят-фильми эч кандай күмөнсүз кинематографиялык чеберчиликтин мыкты чыгармасы болуп саналат – бул таланттуу режиссер Ермек Турсунов менен көрүнүктүү кинооператор-коюучу Мурат Алиевдин мыкты өнөктөштүгүнүн натыйжасы.

Фильмдин түзүүчүлөрү көрүүчүлөрдү биздин замандын III-IV кылымындагы байыркы доорго — цивилизациялык мораль болбогон, эркек же аял болсун ар бир адамдын иш-аракети башкарган жашоонун алгачкы мыйзамдары өкүм сүргөн дүйнөгө алып барат.

Ошентип Борбордук Азиянын кинематографисттери салттуу гендердик ролдорго чакырык таштайт, ошону менен бирге алгачкы табигый инстинктер башкарган дүйнөдөгү аялдардын күчүн кылдат изилдөөнү сунуштайт.

Тасманын авторлору кадрдан диалогду сүрүп чыгаруу менен кызыктуу ыкманы колдонгон, ошону менен бирге каармандар өз ара шарттуу белгилер, жаӊсоолор жана ымдоолор аркылуу баарлашкан кинематографиялык жана көрүүчүлүк өзгөчө сейрек тажрыйба түзүлгөн.

Ушул өзгөчөлүктү эске алуу менен чексиз тынч мейкиндикте Мурат Алиевдин объективи экранда болуп жаткан окуялардын толук укуктуу катышуучусу – эмоцияларды, кызыгууларды жана алгачкы инстинктерди чагылдырган баяндоочу башкы каарман болуп калат. Белгилей кетсек, фильмдеги бул үнсүз жагдай эч качан кемчилик болуп саналбайт, тескерисинче аялдар тасманын башкы каармандары болгон байыркы тарыхый шартттуу реалдуулукту көрсөткөн күчтүү инструмент катары кызмат кылат, мында алар жашоонун, демек тукумду улоонун башкы символдору болуп калат.

 

Жагымдуулуктун жана күчтүүлүктүн аялдар архетиби 

«Келин» тасмасынын өзөгүндө эки аялдын окуясы турат. Келин жана Эне ар түрдүү аялдар архетибин билдирет. Келин Афродитанын архетибин камтып, жаштыктын, сулуулуктун жана сүйкүмдүүлүктүн символун чагылдырат. Мурат Алиевдин объективи анын күйөөсү жана көӊүлдөшү болгон эки эркек менен мамилесинин айланасында драма куруу менен келиндин өзгөчө сезимталдыгын баса көрсөтөт.

Ошентип фильмдин визуалдык баяндоосу бир аялдын сезимтал эӊсөөлөрүнүн (Келин) жана башка аялдын (Эне) тукумду коргоо жана улантууга умтулуусунун татаалдыгын курч изилдөө болуп калган. Мында экспрессивдик карама каршылык курч ракурста, масштабдуу панорама кадрларында жана улуу тоолордун көрүнүшүндө келип чыгат.

Гестиянын архетиби болгон Эне Келиндин карама-каршы жагында турат. Кеменгер, өз ишенимине бекем жана сырдуу Эне үйдүн очогун жана тукумду сактоочу катары кызмат кылат. Эненин кеменгерлиги байыркы салттарга негизделген, анын иш-аракеттери кандай болбосун тукумду улоо жана коргоо деген патриархалдык типтеги түшүнүк менен бекемделген.

Тынчтык жагдай Энени очоктун сактоочусу жана үйдү башкаруунун тажрыйбасын кийинки муун болгон сезимтал жана жеӊил ойлуу Келинге өткөрүп берүүчү катары анын мүнөзүнүн күчүн да күчөтүп көрсөтөт.

“Келин” фильминдеги матриархалдык баяндоо жана архетиптик символизм

«Келин» – жашоону жана тукумду улантуу болгон башкы ресурс үчүн күрөштө аялдар башкы фигура катары турган матриархалдык тарыхтын өз алдынча ракурсуна ээ. Келиндин кумарлуу эӊсөөлөрү жана Эненин акылман башкаруусу бир жагынан карама-каршы турган дисбалансты түзөт, анткен алардын ар бири аялдардын табиятынын ар түрдүүлүгүн билдирип турат. Бирок башка жагынан алганда Келиндин эроско жана Эненин тукумду улантууга умтулуусу табигый бүтүндүктүн көрүнүшү болуп саналат, демек бул алардын жашоону улантууга карата аӊ-сезимдүү жана өздөрү байкабаган умтулуусундагы биримдиги болуп саналат.

Ошентип Келин менен Эненин образынын мааниси кадыресе каармандар деӊгээлинен дагы чоӊоет – алар жаштык менен акылмандыктан, эӊсөө менен жоопкерчиликтин, кумарлануу менен рухий баалуулуктун ортосундагы түбөлүк карама каршылыкты чагылдыруу менен универсалдуу аял архетиптерин чагылдырат.

Фильмдин ар бир кадрында камтылган архетиптик символизм, Алиевдин визуалдык баяндоону тереӊ маани менен толтурууга жөндөмдүүлүгүн далилдейт. Мурат Алиев фильмде аял каармандардын табигый сулуулугун гана тартпайт, бирок өтө кылдаттык менен аялдын өзгөчө күчүн чагылдырат: мында байыркы түрктөрдүн бабаларынын ритуалдык сыйкыры жана уруунун сактоочусунун акылмандыгы жана күчү, ошондой эле тукумду сактоо жана улантуунун алдында эч нерсе токтото албаган эненин көз карандысыз жана чечкиндүү руху көрсөтүлөт.